Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси опузалап пара алууга шектелип кармалды

Бүгүн, 17-майда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 1993-жылдын 3-сентябрында туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, кармалды.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин ("Опузалап пара алуу") негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.

Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД