Бердибек Жамгырчиев: "Бейшеналиевди чөөлөр талай баштаптыр..."

Белгилүү акын Бердибек Жамгырчиев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кара ниет дарыгерлер чөөчө талай баштаптыр деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Ушул адам жакшы иштеп, эчен жылдан бери былкылдабай жаткан уюкту чукуп, бетсиздердин бетин ача баштады эле! Эми ошонун баары бириге калып, бу кишинин айласын кетирип жаткандай туюлууда.. Ак халатчан кара ниет, коррупционер, акча десе жан берген доктурлар толтура, бул адам ошолордун чекесине чыккан чыйкан болуп жатты эле! Эми жалгыз калып, чөөлөр талай баштаптыр…", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД