Окуучуларды 5-класстан тарта ЖРТга даярдоо сунушталууда

Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде "Жаш тилчилер" уюмунун алгачкы кеңешмеси өттү. Бул тууарлуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, кыргыз тилин өнүктүрүү багытында жаштар менен иш алып барган коомдук фонд, уюмдардын өкүлдөрү жана кыргыз тилчи жаш мугалимдер катышты.

Кеңешмеде кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча бир катар маселелер талкууланды. Мындан сырткары катышуучулар тарабынан ушул багытта иш жүргүзгөн коомдук уюмдар менен биргелешип иштөө сунуштары айтылды.

Ошондой эле кеңешмеде окуучуларды кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо маселелери көтөрүлдү.

"Окуучуларды 5-класстан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө даярдай баштасак жакшы болмок. Анткени бүтүрүүчү класстарда даярдай баштоо менен кечигип калуудабыз", - деп билдирди Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД