Бишкекте 1-июлдан тарта автобус жана троллейбустарда накчалай акча алынбайт

Бишкекте 1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда жол акыны накталай акча менен төлөөгө болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын март айынан тарта BPC AG швецариялык компания менен бирге борбор калаада "Тулпар" картасы иштөөдө. Эки жылдан бери жарандардын ыйгалуулугу үчүн электрондук төлөө системасы иштеп келген. Эми 1-июлдан баштап муниципалдык транспорттордо накталай акча алынбай, "Тулпар" картасы толук иштей баштайт.

Төлөмдү төмөнкү жолдор менен жүргүзүүгө болот:

- "Тулпар" картасы аркылуу;

- "VISA" менен "ЭлКарт" картасы аркылуу;

- NFC виртуалдык картасы аркылуу;

- Balance менен "Тулпар" тиркемесиндеги QR код аркылу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД