Милиционерлер кабат үйдөн өзүн таштоого аракет кылган кызды куткарышты

Милициянын кайгуул кызматкерлери кабат үйдөн өзүн таштоого аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Жал кичи районундагы кабат үйлөрдүн биринен бир кыз өзүн таштоого аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын келип, окуяны көрөр замат ыкчам чечим кабыл алып, кабат үйдүн үстүнө чыгып, ыкчам иш-аракеттин натыйжасында кабат үйдүн үстүнөн өзүн таштоого аракет кылып жаткан 2004-жылы туулган Б.Э. атту кызды куткарып калышты.

Тактоо учурунда, кыздын айтуусу боюнча үй-бүлөлүк чырдан улам, ушул жолго барып жаткандыгын билдирген.

Азыркы учурда андан ары тийиштүү ии-чараларды жүргүзүү үчүн, кызды Ленин райондук ИИБне жеткиришүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД