Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майдан 27-майга чейин Бишкек шаарындагы газ өткөргүчтөрдүн айрым аймактарында келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында эски жабдууларды алмаштыруу боюнча пландалган оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:

Ленин районунун төмөнкү көчөлөрүнүн чектешкен аймагында: Садырбаев, Гагарин, Омуракунов, Ашар, Л.Толстой (ТМ);

Биринчи май районун төмөнкү көчөлөрүнүн чектешкен аймагында: П.Лумумба, Шиш-Төбө, Орозов, Л.Толстой.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД