
СИЗО-50дө сырдуу таңгактарды өткөрүү аракетинин алдын алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-майында саат 21:20 чамасында Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №50 мекемесинин кызматкерлери мыйзамсыз иш аракеттердин алдын алышкан.
Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында мекеменин батыш тарабынан аймакка скотч жана зым менен оролгон таңгакты ыргытууну көздөгөн А.Р.М. аттуу жаран кармалган. Мыйзамсыз посылканы ачууда жалпы салмагы 127 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
Бул факты Ысык-Ата райондук ИИБнин ОИИБде катталган. Кармалган жаран А.Р.М. жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, №50 мекеменин ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында соттолгондордун ичинен тыюу салынган буюмдарды алдырууну көздөгөн кардар аныкталып, күнөөсүн мойнуна алган. Аталган факты мекеменин окуяларды каттоо китебине катталып, тийиштүү чара көрүү үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн.