Жалал-Абад ЖКККБы жол кырсыктары тууралуу видеоролик даярдады

Жалал-Абад облустук ЖКККБ жол кырсыктарына байланыштуу дагы бир видеоролик даярдады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан атайын видеоролик даярдалды.

Маалыматка караганда, анда жол кырсыгы катталган учурда камерага түшүп калган кадрлар да бар.

Видеороликтин максаты жарандардын өмүрүн сактоо болуп саналат. Айдоочулар өз өмүрүнөн сырткары жанында бараткан жарандарды да ойлоп, жол эрежелерин бардык жерде так сактоо зарылдыгы белгиленет.

Эске салсак Жалал-Абад облустук ЖКККБ тарабынан буга чейин да бир катар видеороликтер даярдалып, жол кырсыктарына бөгөт коюу максатында коомчулукка таратылып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД