ПЦР-тесттин жыйынтыгын эми онлайн-форматта да алууга болот

Эми ПЧР-тестирлөөнүн жыйынтыгын бериле турган күнү саат 18:00дөн тарта электрондук түрдө Ilab.med.kg сайтынан алууга болот. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынтык PDF-форматта болуп, эки QR-кодду камтыйт: биринчиси ILAB платформасында жыйынтыктын аныктыгын текшерет, экинчиси "Мен COVID-19суз саякаттайм" тиркемесинде катталуу үчүн зарыл.

"Мен COVID-19суз саякаттайм" тиркемеси - бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн: Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын чек араларынан өтүүнүн милдеттүү шарты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД