Борбор калаада суу түтүктөрүн реконструкциялоо иштери жүрүүдө

"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында "Бишкексууканал" башкармалыгы тарабынан пландуу профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, суу менен камсыздоо кызматынын адистери Фирсов көчөсүнүн бир бөлүгүндө диаметри 100 мм болгон түтүктү алмаштырышты.

Жер астындагы инженердик коммуникациялар алмаштырылгандан кийин асфальт төшөө пландалууда.

Шаарды таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана суунун коромжусун азайтуу максатында "Бишкексууканал" башкармалыгы 2022-жылы 8 чакырымга жакын суу түтүктөрүн алмаштырууну пландоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД