Талас ОИИБде мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар өттү

Талас ОИИБде мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу-семинар өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин 2022-жылдын 16-майындагы "Мамлекетттик тилди өнүктүүрүү жөнүндөгү" тескемесинин негизинде КР ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Айбек Орозакунов жана Башкы штабдын башкы адиси Дастан Бердибековдор 2022-жылдын 19-май күнү Талас облустук ИИБдин жана шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткан​ иш-кагаздарынын деңгээлин, сабаттуулугун жана сапатын текшеришти.

ИИБнин жыйындар залында Талас ОИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары милициянын полковниги Жаныбек Осмонбековдун катышуусунда өздүк курамга ИИОдо иш-кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү аталыштагы семинар-кеңешме өткөрүшүп, ​ кызматкерлерге кеңири маалымат беришти. Окутуу учурунда атайын даярдалган видео слайд шоулар көрсөтүлүп, орфоргафиялык жана орфоэпиялык сөздөрдүн айкалышын жана туура жазылышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Семинардык кеңешменин жүрүшүндө бир катар кызматкерлер, кээ бир иш-кагаздардын туура жазылышы жана кызмат бөлүмдөрдүн кыскартылган аталышынын жазуудагы каталар боюнча кызыктуу суроолорун беришип, аларга ​ канааттандыраарлык жоопторду ​ алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД