
Кечээ, 19-майда, 2022-жылдын жазгы чакырылышынын жаш жоокерлери Кыргыз Республикасынын ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде аскердик ант беришти. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чакырылган жаш жоокерлер даярдоо программасы боюнча курсту аякташты, анда алар армиянын жашоосуна, анын так белгиленген күн тартибине көнүп, аскердик уставдын негиздерин жана жоболорун, ошондой эле функционалдык милдеттерин үйрөнүштү.
Бул алар үчүн Кыргызстандын элинин алдындагы чоң жоопкерчилик жана чоң сыймык. Анткени алардын аткарган милдеттери чынында эле согуштук мүнөздө. Бул күжүрмөн кызматты аткаруу үчүн белгилүү бир шарттар менен аныкталат. Бул шарттардан эң оболу мамлекеттик маанилүү милдеттерди аткарууда ар бир жоокерден дайыма моралдык-психологиялык туруктуулукту, жогорку кыраакылыкты жана реалдуу шарттарда ыкчам аракеттенүүнү талап кылаарын белгилесе болот. Кээ бир учурларда алардын өмүрү да коркунучта болушу мүмкүн.
Жаш толуктоолорду куттуктоо үчүн департаментинин ардагерлери, кызматташкан түзүмдөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле жаңы келген жоокерлердин жакындары келишти.
Шилтеме
Кайтаруу жана күзөтүү департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын коркунучтуу кылмышкерлер жазасын өтөп жаткан түзөтүү мекемелерин квйтарууну камсыздайт, ар кандай соттук териштирүүлөр өтүп жаткан Бишкек шаарынын сотторунда айыпталуучуларды коштоп жүрүүнү жана коргоону камсыз кылат. Ошондой эле кылмышкерлерди жана камакта жаткан адамдарды өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө жана кайра, бир камак жайынан экинчисине ташыйт.