Жалал-Абадда диний адабияттарды уруксатсыз даярдаган басмакана аныкталды

Жашыруун басмакананын иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Кыргызстандын аймагында террористтик жана экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, үстүбүздөгү жылдын 17-майында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда диний адабияттарды уруксатсыз даярдоо жана жайылтуу боюнча жашыруун басмакана аныкталды.

Б.А.К. аттуу жаранынын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда, басып чыгаруучу жабдуулар, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний адабияттар табылып алынды.

Ошол эле учурда басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксат кагаздары, тиешелүү маркировкалары жок, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өткөн эмес.

Тинтүү учурунда алынган диний адабияттар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД