Айрым мектеп, бала бакчаларга "Ата-энелер мектеби" программасы киргизилет

Ата-энелердин балдарды тарбиялоо жана багуу боюнча көндүмдөрүн жогорулатуу, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстандагы пилоттук бала бакчаларда жана мектептерде "Ата-энелер мектеби" программасы киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Ата-энелер мектебин" ишке ашыруу үчүн пилоттук негизде ар бир район-шаардан кеминде 5 бала бакча жана 10дон кем эмес мектеп тандалып алынып, программа апробациядан өткөрүлөт.

"Пилоттук билим берүү мекемелеринде тестирлөөдөн өткөндөн кийин "Ата-энерлер мектеби" программасы сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен жыйынтыкталат жана бүткүл өлкөгө таратылат", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД