
Бишкекте кран менен жеңил автоунаа сүзүшүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-майда болжол менен саат 00:40 чамасында 1997-жылы туулган Ж. Н. аттуу айдоочу А. Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй кранды башкарып бара жатып, Тыналиев көчөсүнөн солго бурулуп жатып, карама-каршы багытта келе жаткан 1998-жылы туулган Б.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы БМВ 530 үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн.
Натыйжада БМВ 530 үлгүсүндөгү автоунаадан 2 жаран жабыркап ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.