Бир суткада 379 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 149, Ош шаары - 50, Чүй облусу - 96, Ош облусу - 32, Талас облусу - 1, Нарын облусу - 5, Ысык-Көл облусу - 15, Жалал-Абад облусу - 22, Баткен облусу - 9 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жети бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 107 миң 714 киши вируска чалдыгып, 1 миң 859 бейтап көз жумду.