
TEZ JET авиакомпаниясы 1-июлдан тартып Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек багыты боюнча каттамдарды күн сайын аткарууну пландаштырууда.
"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат.
Бишкек -Исфана - Бишкек багыты боюнча каттам TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби күндөрү) аткарылат.
Бишкек - Баткен - Бишкек багыты боюнча каттам TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) аткарылат.
Бүгүнкү күндө Бишкек - Ош - Бишкек багыты боюнча каттамдар күнүнө 6 жолу аткарылууда.
TEZ JET авиакомпаниясы күнүнө 5 каттам аткарат.
Avia Trafic Company авиакомпаниясы күнүнө 1 каттам аткарат.
"Эйр Манас" авиакомпаниясы жумасына 3 каттам аткарат (өтүнмө каттын негизинде).