Таласта милиция мектеп бүтүрүүчүлөрүнө акыркы коңгуроо күнү кафе-ресторандарга барууга тыюу салынганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 18-май күнү Талас шаарынын Атай Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде шаардын аймагында жайгашкан 9 орто мектеп жана 1 лицей комплексте окуган 11-класстын жана 9-класстын окуучуларынын ата-энелерине жана окуучуларга Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары милициянын полковниги Алмазбек Шекербеков жана Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Умарова катышкан жыйын болду.
2021-2022 окуу жылынын аякташы менен 2022-жылдын 9-июнь күнү акыркы коңгуроо салтанатында окуучулар кафе-ресторандарга олтурууга жана автоунааларды жалдоого тыюу салынгандыгын эскертип, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Жыйынга жалпысынан 100гө жакын окуучу жана ата-энелер катышышты. Анда мектеп окуучуларына тиешелүү нускамалар берилип, массалык эс алуулар, салтанаттуу майрамдоо иш чаралардын өтүү тартиби талкууга алынды. Билим берүү мекемесинин кызматкерлерине алардын жоопкерчиликтери жана милдеттери айтылды. Ата-энелерге балдарына катуу көзөмөл кылып, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын болушуна жол бербөө боюнча түшүндүрүлдү.
Мындай иш чара облустун ар бир район аймактарында пландалып ишке ашууда.