
Белгилүүү теледиктор Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 21-майда, Кыргыз Улуттук телерадиоберүү корпорациясында саат 12:00дө өтөт.
Диктордун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Эске сала кетсек, Бактыбек Мамытов 20-майда 72 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган.