Дүйнөдө маймыл чечек оорусу тарап жатат

Майдын башынан тарта Британияда маймыл чечек оорусунун 11 учуру катталган. Оорунун учурлары тууралуу Германия, Италия, Бельгия, Франция, Португалия, Канада, АКШ жана Австралияда билдиришти. Илдетке кабылгандардын саны боюнча Испания алдынкы орунда (30) турат.

ДССУ эксперттердин тобун маймыл чечек оорусунун күчөшүн талкуулоо үчүн чукул жыйынга чакырды.

Улуу Британия аталган оорунун учуру аныкталганы тууралуу биринчилерден болуп маалымдаган – 7-майда бул жакта Нигериядан келген адамдан илдет аныкталган.

Маймыл чечеги – 1958-жылы белгиленген жугуштуу оору. Көпчүлүк учурлары Африкада катталган: эреже болуп калгандай, 16 жашка чейинки өспүрүмдөр жугузган.

Изилдөөлөр маймыл чечек оорусу чечекке бир кыйла окшош экенин көрсөттү. Негизги белгилеринин арасында - калтыратма жана денеге бүдүр-бүдүр майда тактардын түшөт. Оору орто эсеп менен 14 күндөн 21 күнгө чейин созулуп, өзү өтүп кетет. Маймыл чечек оорусунда адам өлүмүнүн учурларынын коэффиценти 1ден 10%га чейин.

Африкадан тышкары биринчи учурлары 2003-жылы АКШда катталган. Акыркы жолу 2017-жылы Нигерияда аныкталган.

РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы Россияга маймыл чечегин алып келүү тобокелдиги бир кыйла төмөн деп ырасташууда. "Вектор" россиялык борбору бул илдетке чалдыгуу учурларын аныктай турган автономдук тест-системасын иштеп чыгышты. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы: "натыйжалуу, спецификалык жана кызамык, кызылча жана суу чечек менен кайчылаш реакцияларды көрсөтпөйт".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД