Манас районунда милиция окуучуларга спорттук мелдештерди уюштуруп берди

Манас РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан окуучуларга спорттук оюн өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, алардын арасында достук мамилени бекемдөө максатында Манас районунун Покровка айылында футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүштү. Мелдешке Манас районунун Покровка айылынын мектеп окуучулары катышып, жалпы 9 команда катышты.

Иш чаранын ачылышында Манас РИИБдин начальниги милициянын полковниги Акматов Айбек сөз сүйлөп, балдарды ынтымакта болууга, жүрүш турушту көзөмөлгө алып, адеп-ахлакты жогору деңгээлде кармоого чакырды. Спортко кызыгуу, аны менен машыгуу сергек жашоого алып келет жана ар кандай жаман адаттардын алыстатат деп белгилеп өттү. Топтошуп мушташуу фактыларын болтурбоо үчүн ушундай иш чаралар, оюн зооктор менен алектенүү зарыл экендигин билдирди.

Футболго Покровка, Үч-Коргон, Кайыңды, Кыргызстан, Май айыл өкмөтүнүн мектептеринин окуучулары болуп, жалпы 12 курама команда катышты.

Аталган иш чарага айыл өкмөт башчылары демөөрчүлүк кылып, керектүү белектерди, сыйлыктарды жана чыгымдардын каражаттарын камсыз кылып беришти.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Покровка орто мектеби, 2-орунду Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектеби, 3- орунду Ак-Таш айылындагы А.Жолдошбеков атындагы орто мектебинин курама командалары ээлешти. Окуучулар мелдештин аягында бири-бири менен достук мамиледе жана жакшы маанайда тарашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД