
Кыргызстандын пенитенциардык тутуму үчүн атайын профилдеги адистердин тобу даярдалды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кзыматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 20-майда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Бишкек шаарында жайгашкан Окуу борбору адамдын жан дүйнөсү боюнча эксперттердин уникалдуу тобуна атайын курстардан өткөндүгү тууралуу сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.
Эми алар ЖАКнын кызматкерлери менен да, атайын контингент менен да, алардын ичинен кылмыш субмаданиятынын апологеттери, "кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрү" деп аталган нерсенин жактоочулары, жалпысынан алганда, өзгөчө пенитенциардык чөйрөнүн эрежелерине терс көз караштагы жарандар тобу менен да тыгыз байланышта болушат.
Үстүбүздөгү жылдын 4-мартынан 20-майына чейин ЖАКнын психологдору жана социалдык кызматкерлери үчүн тренингдер, анын ичинде дистанциондук түрдө 2022-жылдын 25-февралындагы "Окутуу тобун уюштуруу жөнүндө" буйругуна ылайык уюштурулган. Мындан тышкары, ЖАКнын окуу борбору 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунун программасын иштеп чыгышкан.
Практикалык психологиянын негиздери жана ЖАК үчүн социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүү боюнча үч айлык курстун угуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземинде Николас Мазик сөз сүйлөдү. Николас Мазик, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин расмий өкүлү, 2009-жылдан бери биздин өлкөнүн пенитенциардык системасын глобалдык реформалоо жана бул жааттагы бардык параметрлерди жакшыртуу максатында ЖАК менен тыгыз кызматташып келе жаткан уюм. Ал өз сөзүндө мындай деп белгиледи: Пенитенциардык психология – абак кызматкерлери жана соттолгондор менен эффективдүү иштөөнүн негизги багыттарынын бири. Алар соттолгондорду адаптациялоо, реабилитациялоо жана андан ары кайра социалдаштыруу процессинде эбегейсиз роль ойнойт, деп жыйынтыктады Николас Мазик.
Салтанатка катышкан ЖАКнын жетекчилери тутум менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгилешти. Ал эми ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин башчысы, полковник Улан Бердикожоев Мазик мырзага юбилейлик медалды тапшырды.