Бишкекте 4 айда миңге чукул мас айдоочу кармалган

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында төрт айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кайгуул кызматкерлери тарабынан 4 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 118 057 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 47мл. 394миң 600 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 722;

-Мас абалында авто унаа башкаруу 987;

- Авто ээнбаштык 15;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 324 ;

-Коопсуз курун тагынбай авто унаа башкаруу 31 085;

-Токтоо эрежелерин бузуу. Тыю салынган жерлерде авто унааларды токтотуу 64 659;

Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу 5818;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 13947;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 8055 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле 4 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 20 262 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген. Алардын ичинен;

-Жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар 6012;

-"Коломто" муниципалдык жайына жеткирилгендер 425;

-Тилемчилик 119.

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да аныкталган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД