Кызыл-Кыяда "Өспүрүм-түн" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

Кызыл-Кыяда "Өспүрүм-түн" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаар аймагында милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө, болгон кызмыштардын бетин ачуу максатында 18-20- май күндөрү "Өспүрүм-түн" аталышындагы иш-чара жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, уюшулуп мушташууларга, зордук-зомбулукка жол бербөө, түн ичинде жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз жалгыз жүргүзбөө боюнча рейддер уюштурулду.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 31 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды. Ошондой эле балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан мурда катталган уурулук фактысынын бети ачылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД