"Доордун фонундагы портрет". Темирбек Кошоевге арналган көргөзмө өтүүдө

Кечээ, 20-майда Бишкектеги Тарых музейинде белгилүү мамлекеттик, коомдук жана партиялык ишмер Темирбек Кошоевге арналган "Доордун фонундагы портрет" аттуу циклден көргөзмөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу көргөзмөнүн уюштуруучулары билдиришти.

Кошоев Темирбек Кудайырбегенович Кыргыз ССРинин жана эгемендүү Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери болгон.

Ал эмгек жолун 1950-жылы Кемин токой чарбасында токойчу болуп иштөөдөн баштаган. Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчысы кызматтарын аркалаган. 1981-1987-жылдары Темирбек Кошоев Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле мезгилде кызматы боюнча СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болуп да иштеген.

1987-жылдан персоналдык пенсионер Темирбек Кошоев ошол доордун көптөгөн адамдары сыяктуу эле, ал дагы активдүү коомдук ишмердүүлүк менен алектенген. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкарууну калыптандыруунун башатында турган, анын институттук жана мыйзамдык базасын чыңдоого салым кошкон.

Кошоев III даражадагы "Манас", Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган.

Көргөзмөнүн ачылуу аземине көптөгөн саясий жана коомдук ишмерлер, Темирбек Кошоевдин санаалаштары катышты. Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри Апас Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун экс-төрайымы Чолпон Баекова, Ош шаардык аткаруу комитетинин мурдагы төрагачы Садыкбек Аблесов, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун экс-катчысы Жаңыл Туменбаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын экс-төрагасы Болот Жанузаков, Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин экс-төрагасы Абдразак Мокенов, мурдагы өнөр жай министри Марс Носинов, Фрунзе шаарынын экс-мэри Салават Искаков, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков жана башкалар сөз сүйлөштү.

Белгилей кетсек, көргөзмө 26-майга чейин уланат. Андан кийин Ысык-Көл облусунда жана Темирбек Кошоевдин кичи мекени Кеминде өтмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД