Тоноого шектүүлөр кармалды. Алар жабырлануучунун жаагын да талкалашкан

Милициянын кайгуул кызматкерлери каракчылыкка шектүү жарандарды аныктап кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 19-майында болжол менен саат 22:20 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Бейшеналиева жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар бирөөнү уруп жатат деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1968-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз үч жаран арыз ээсин кастет менен жаак жакка уруп, үч тишин талкалап, 80 000 сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алганга аракет кылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Т. Ы. жана 2002-жылы туулган К.Т. аттуу жарандарды кармашып, Ленин районундук ИИБнын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

Бул факты Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД