Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасында ири жол кырсыгы катталды

Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Чечме айылындагы өткөрмө постунда бүгүн саат 15.50 чамасында оор жүк ташуучу Shacman үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калгандыктан "Чечме-автожол" өткөрүү жайында жыйналып турган жарандарды жана токтоп турган унааларды сүзүп өтүп кеткен.

Жерине Баткен ОИИБнын жана Кадамжай РИИБнин ыкчам тергөө барып, каза болгон адамдардын санын жана алардын жарандыктарын, жол кырсыгына дуушар болгон автоунаалардын санын жана кырсыктын себептерин такташууда.

Бул факт Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД