
Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасында ири жол кырсыгынын кесепетинен 8 киши каза болуп, дагы 7 киши оор жаракат алды. Мындан сырткары 11 автоунаа талкаланды. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-майда саат 16:00 чамасында 1961-жылы туулган айдоочу А.К., Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик номери 1218MES, "HOWO 6×4" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу (трал) унаасы менен чоң погрузчик "SEM655D" атайын техникасын Кадамжай районунун Бөжөй айылына жеткирип бара жатып, Бөжөй айылына бурулушта унаанын тормозу иштебей калып, түз өтүп (күбөөлөрдүн айтымында) токтой албай калган. Жыйынтыгында Чечме айылында жайгашкан "Чечме" чекара өткөрүү постунда 11 унаа каражаттарын сүзүп токтогон.
Жол кырсыгынын кесепетинен "HOWO 6×4" унаасынын айдоочу А.К., жүргүнчүсү А.Т. жана өткөөл постунда кезек күтүп турушкан 1989-ж.т Т.А., 1980-ж.т. Т.Х., А.А, М.Н, Ш.Ж., А уулу А окуя болгон жерде каза болушкан.
Ал эми Айдаркен айылынын тургундары 1988-ж.т. К.Р.; 1983-ж.т Т.Т.; 1984-ж.т М.А.; 1986-ж.т Д.Ч.; 1991-ж.т Р.С. жана эки жаш өспүрүм Р.С, М.А. окуя болгон жерден жаракат алышкан
Окуя болгон жерде 11 унаа каражаты талкаланган (2 Мерседес-Бенц, 3 Хундай, 2 Дэу, Фольксваген, Хово, Погрузчик, чиркеме-трал)