Пандемиядан жабыркаган ишканаларга $72 млн пайызсыз насыя берилет

Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банктын колдоосу менен коронавирус пандемиясынан жабыркаган ишканаларга пайызсыз насыя берет. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, кайтарымдуу насыянын суммасы 72 млн долларды түзөт жана 1,5 жылга пайызсыз берилет.

Белгиленгендей, насыя 11 коммерциялык банк аркылуу берилмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД