Талас облусунда милиция кызматкерлерине тарбиялык сабактар өткөрүлдү

Талас облусунда милиция кызматкерлерине тарбиялык сабактар өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас облустук ички иштер органдарынын кызматкерлерине мыйзамдуулукту жана кызматтык этиканы сактоо максатында үгүт иштери жүргүзүлдү.

Жетекчилик тарабынан буйруктар чыгарылып, кадрлар бөлүмү тарабынан атайын эскерткич китепчелер даярдалуу менен тарбиялык сабактар уюштурулду. 19-20-май күндөрү Талас шаардык жана райондук ички иштер бөлүмүндөрүндө ОИИБнин жетекчилик курамынан турган атайын жумушчу топтор түзүлүп, графиктин негизинде аймактарда иш алып барышты. Жарандарга сылык мамиле кылуу жана кызматтык форманы талаптарга ылайык кийип жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ар бир бөлүмдүн өздүк курамы менен Талас ОИИБнин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Жаныбек Осмонбеков, кадрлар бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Нурлан Төкөлдөшов, милициянын ардагери Алтынбек Шербахунов жана кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жолугушту.

Жолугушууда КРнын ИИМдин буйруктары жана талааптары жеткирилди. Милиция кызматкерлери арасындагы моралдык-психологиялык климатка таасир эткен учурлар талкууланды. Кызматтык тартиптин эрежелери, кара күчтү, атайын каражаттарды, курал-жарактарды туура колдонуу тактикалары эскертилди. Ички иштер органдарынын кызматкерлери эң биринчи мыйзамдуулукту сактап, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо экендиги баса белгиленди. Ардагерлер дагы бул иш чарага активдүү катышып, өздөрүнүн акыл насааттарын жана кызматтык тажрыйбаларынан бөлүшүштү.

Кызматкерлер тарабынан ар кандай багытта суроолор берилип, жооптору алынды. Бул иш чара жер-жерлерде ар бир дүйшөмбү күн сайын мамлекеттик тууну көтөрүүдөн кийин эскертүү ирээтинде айтылып туруу тапшырмалары коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД