Баткен шаарында акыркы коңгуроо майрамы боюнча чоң жыйын болуп өттү

Баткен шаарында акыркы коңгуроо майрамы боюнча чоң жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Жаныбек Канзамановтун демилгеси менен Баткен шаарынын мэриясында мектеп директорлор, социалдык коргоо бөлүмүнөн өкүлдөр, билим берүү тармагынан жетекчилери келип катышып, окуу жылынын аяктоосундагы мектеп окуучуларынын коопсуздугун талкуулашты. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүсүнө, унааларда кортеж болуп сейилдөөгө, өз алдынча тоолорго экскурцияларды уюштурууга тыюу салынарын белгилешти. Жыйында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө ата-энелерге да жүктөлөрү айтылды.

Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында Баткен шаардык милициясы майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

2022-жылдын 4 ай аралыгында жаш өспүрүмдөр катышкан 5 кылмыш катталып, бети ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД