Москвада кордолгон өспүрүмдү Кыргызстанга алып келүүгө бийлик киришти

Москвада туугандары тарабынан сабалган кыргызстандык кызды мекенине кайтаруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Окуянын чоо-жайын аныктоо иштеринин жүрүшүндө Кыргызстандын Т.Э., аттуу 1994-жылы туулган жараны, күйөөсү менен бирге жашы жете элек эки баланы тарбиялап жаткан. Энеси тарабынан жээни болуп саналган 2012-жылы туулган жашы жете элек Т.С., аттуу кызга карата күч колдонгону аныкталды.

"Кыздын ата-энеси Кыргызстанда. Туугандарынын айтымында, 2021-жылдын октябрь айында кызды ата-энеси Россияда жашаган туугандарына алардын кичинекей балдарын кароого жардам берүү үчүн жиберген", - деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын 22-майында элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери кыз жашап жаткан жерге барып, анын абалы менен таанышып келген. Өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык, визуалдык кароо боюнча кыздын көзүндө жана колдорунда көк ала тактар байкалган. Ошондой эле ал психологиялык жактан басымга кабылганы байкалган.

Кыргызстандын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарындагы медициналык мекемелердин биринде кызды медициналык кароодон өткөрүү уюштурулду. Аны июнь айынын башында мекенине кайтаруу пландалууда.

Элчилик Москва облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына, ошондой эле Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине Россия менен Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн кайрылуу жөнөттү.

Бул маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Ошондой эле жашы жете элек кызга байланыштуу кырдаалды Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева өз көзөмөлүнө алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД