Баткенде жоопко тартылган милиция кызматкерлеринин блогерге тиешеси жок

Баткен облусунда жоопкерчиликке тартылган 18 милиция кызматкеринин блогер Батмакан Жолдубаеванын ишине тиешеси жок. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-май күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна шилтеме берүү менен айрым маалымат агенттиктер "блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине сөгүш берилип, бир кызматкер кызматынан бошотулду" деген таризде маалымат чыккан.

Бул маалыматка Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берет:

"Баткен ОИИБнын жетекчилигинин тапшырмасы менен Баткен ОИИБдан түзүлгөн топ барып, Баткен РИИБнин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде ал жерде мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган. Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 2022-жылдын 15-апрель күнү корутунду чыгарат. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдөгү Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБнүн кызматкерлеринин тиешеси жок".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД