Маркум кызматкердин үйүнөн уурдалган сыйлыктары анын үй-бүлөсүнө тапшырылды

Жазаларды аткаруу кызматынын каза болгон кызматкеринин үйүнөн уурдалып кеткен сыйлыктары анын үй-бүлөсүнө тапшырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын ардагерлери ЖАКнын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте маркум полковник Максат Турарович Турпанбаевди эскерүү кечесин өткөрүштү.

Куран окулуп, офицердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюлуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө мурда Турпанбаевдин үйүнө кылмышерлер кирип уурдалып кеткен медалдары менен баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Уурулар кармала элек болгондуктан, уурдалган оригиналдуу сыйлыктар азырынча табыла элек. Бирок ага карабастан Турпанбаевдин кесиптештеринин өжөрлүгүнүн аркасында дубликаттар калыбына келтирилип, анын үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди.

Маркумдун жакындары ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиевге сыйлыктарын калыбына келтирүүгө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД