Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери футбол боюнча мелдеш өткөрүштү

Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери футбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй районунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинин спорт аянтчасында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын мекемелеринин өздүк курамынан түзүлгөн командаларынын футбол боюнча беттеши болуп өттү.

Турнир 2021-2026-жылдарга карата "Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы боюнча" мамлекеттик концепциясын ишке ашырууга, ошондой эле массалык-спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча ЖАКнын кеңири календардык планына ылайык уюштурулду.

Оюндун соңунда жеңүүчүлөр аныкталды. 1-орунду "Омега" атайын багыттагы отрядынын командасы ээлесе. 2-орун ЖАКнын борбордук аппаратынын оюнчуларына, ал эми 3-орун №24 мекеменин кызматкерлерине тийди.

Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана медалдарды ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев тапшырды.

Ошондой эле ар кандай номинациялар боюнча да мыктылар аныкталды. Чабуулчулардын арасынан Асанкануулу Таалай мыкты болсо, коргоочулардан Термеев Таалай Качкымбекович табылды, дарбазачылардан болсо Айбашалиев Канатбек Жусупович мыкты болуп аныкталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД