Борбор калаанын Манас проспектисиндеги чырактар жаңыланды

Манас проспектисинде жайгашкан өтмөктөгү жарык диоддук чырактар жаңыланып, жаңы чырактар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,борбор калаадагы электриктер жылуу жана сары нурлуу жарык берүүчү, кубаттуулугу 165, 90 Вт болгон 545 жарык диоддук чырактарды алмаштыруу иштерин жүргүзүштү.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери сырткы жарык берүү тармактарын реконструкциялоо боюнча иштерди аткарышты. Жарыктандырууну жаңыртуу үчүн 48 вт 500 жарык диоддук чырактар орнотулуп, сырдалып, металл каркастары иретке келтирилди жана 1400 метр узундуктагы электр чубалгылары алмаштырылды.

Белгилей кетсек, бул чырактар нейтралдуу ак түстүү температурага ээ болгондуктан, айдоочулардын көзүн чарчатпайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД