Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат

Азыркы учурда биз болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес. Мындай пикирин Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат.

Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен тааныштым. Ошондой эле курулушчулар менен долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычы, плотинанын кирме жолунун тазаланышы жана курулуш иштери жөнүндө сүйлөштүм.

Көз коркок, кол баатыр! Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда биз болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес.

Андан сырткары, бул ГЭС менен биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө мультипликативдик натыйжага ээ болуп, мигранттар жумуш орундары менен камсыз болуп, бүтүндөй бир чоң топтун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөөрүн белгилеп кетким келет", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД