Турдукулов: Эдуард Кубатов Кумтөрдөн 640 миң доллар пайда көргөн "Патриот"

Дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов Centerra Gold компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп туруп ири суммада киреше тапкан. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов жазып чыкты.

"Эверестти багындырган жана аны менен катар атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдуард Кубатов, Кыргызстандын атынан Centerra Gold ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда, 2016-жылдан тарта үч жыл ичинде Кумтөрдөн 639 965 доллар алган.

Жерүйдүкүн өзүнчө эсептөө керек! "Патриот", - деп жазган Турдукулов.

Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов май айында Дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган. Ал аталган чокуга чыккан экинчи кыргызстандык. Биринчиси альпинист Дмитрий Греков ал аталган бийиктикти 1997-жылы багындырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД