Жолдогу жарыктардын күйбөгөндүгүнөн айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен

Жолдогу жарыктандыруучу жарыктардын күйбөгөндүгүнүн себебинен жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 24-май күнү болжол менен саат 00:25 чамасында Бишкек - Чалдовар унаа жолунун 28-чакырымында Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын Ленин көчөсүнүн №22 үйүнүн тургуну 1996-ж.т. А.Гуцев өздүк "БМВ-524" үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси Х232AT799 сандуу унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун жарыктандыруучу жарыктардын күйбөгөндүгүнөн жолдо өтүп жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, жол кырсыгын жасаган.

Натыйжада жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болду.

ЖКККББы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет:

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД