Айдоочуларга эскертүү! 26-майда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

26-майда борбор калаанын айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-майда Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу чет өлкөдөн келген делегацияларды коштоп жүрүү учурунда төмөнкү көчөлөр жабылат.

-Фучик-Жибек-Жолу көчө кесилиши;

-Жаш Гвардия көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү;

-Чүй көчөсү Жаш Гвардия көчөсүнөн тартып, Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

-Манас көчөсү менен түштүк багытты көздөй (жогору чыкканда) кең Чүй көчөсүнөн тартып, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү.

Жогоруда көрсөтүлгөн жолдордон сырткары ага жакын жайгашкан жолдор кошумча багыт иретинде жабылышы мүмкүн.

Урматтуу айдоочулар жана шаар тургундары жогорудагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, маршурттук жүрүү кыймылыңыздарды алдын ала пландап алуу менен, жол эрежелерин так сактоону өтүнөбүз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД