Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрүү бекети убактылуу жабылды

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекети транспорт каражаттары жана жүктөр үчүн убактылуу жабылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, бекеттин жабылышы Кытайдагы нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу.

"Кытай тарап сел суулары жолдун айрым бөлүктөрүн каптап, көпүрө ураганын билдирди. Учурда ал жерде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

"Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекетинин ачылышы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД