Эми мектептерде апта башында жана аягында милдетүү түрдө гимн ырдалат

Мындан ары мектептерде Кыргызстандын гимни ар окуу аптасы башталганда жана аяктаганда милдеттүү ырдалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткенде өтүп жаткан көчмө жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, бул демилге окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт.

Министрдин демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД