Баңгизат каналына тиешеси бар деп "Женгого" таандык УКТ мүчөлөрү кармалды

"Женго" каймана аттуу Кадырбек Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч активдүү мүчөсү эл аралык баңги каналына катыштыгы бар деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-майда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А. аттуу үч мүчөсү "Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан" багытында эл аралык баңги каналына катыштыгы бар деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган.

21-майда Кадамжай шаарындагы "Азия Ойл" май куюучу жайынын аймагынан "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн (болжол менен "гашиш") табылган.

Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД