Милиция айдоочулардан телефон номерлерин унаага калтырып кетүүнү өтүнөт

Форумга байланыштуу Кайгуул кызматы айдоочулардан уюлдук телефонунун номурун унаага калтырып кетүүнү өтүнөт.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 26-27-майда Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу буга чейин убактылуу жабылуучу көчөлөрдүн тизмектерин бергенбиз. Ошол көчөлөргө мүмкүн болушунча авто унаа каражаттарды токтотпоого жана аргасыз токтотуу учурунда унаанын алдыңкы терезелерине уюлдук телефондун номурларын калтырып кетүүнү өтүнөбүз. Анткени кырдаалга байланыштуу ошол авто унааны алдырууга туура келсе телефон номуру аркылуу айдоочусун чакырууга туура келет. Номур жок болсо аргасыз эвокуатор менен жүктөп кетүүбүзгө туура келет.

Ошондой эле "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жайгашкан айылдардагы жашоочуларды ошол күнү мал жандыктарын ошол аймактан алысыраак кармоону өтүнөбүз. Анткени милиция кызматкерлери тарабынан ошол аймак курчоого (оцепление) алынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД