Казакстанга мыйзамсыз тамеки алып өтүүгө аракет кылган киши кармалды

Тамеки заттарынын аткезчилигине бөгөт коюлгандыгын КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында контрабандалык иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында, Кыргызстандан тамеки аткезчилигинин ири партиясын коңшу Казакстанга мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин алдын алынып, ага бөгөт коюлду.

2022-жылдын 22-майында Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетип жаткан учурда "Чоң-Капка-унаажолу" өткөрмөсүнөн А.Р.А., аттуу КР жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган.

Учурда КР УКМК тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул мыйзамсыз ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД