Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы тартылып алынды

Улуттук банк Бишкекте акча алмаштырган эки жайдын лицензиясын тартып алды.

Ведомстводон билдиргендей, 2022-жылдын 25-майынан тартып КР мыйзамын жана Улуттук банкттын нормативдик-укуктук актыларынын талаптарын аткарбаган төмөнкү акча алмаштыруу жайлардын лицензиясы алынды:

1. 2021-жылдын 6-майында "Паида KG" ЖЧКсына берилген №6121 лицензия, дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, 6-кабинет;

2. 2021-жылдын 13-январында "Три Севенс Плюс" ЖЧКсына берилген №6051 лицензия, дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 172 дарегинде.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД