Талас милициясы менен Жамбыл облусунун полициясы кызматташат

Талас ОИИБдин жана Казакстандын Жамбыл облусунун полиция департаментинин жетекчилиги кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 24-май күнү Талас ОИИБде Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун полиция департаментинин жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Эки тараптуу жумушчу кеңешмеге Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун полиция департаментинин начальниги полициянын генерал-майору Баймурзин Арманбек, криминалдык полиция башкармалыгынын начальниги полициянын подполковниги Кожамкулов Канат жана Тараз шаардык патрулдук полициясынын инспектору полициянын лейтенанты Ибраимов Айдос келишти. Талас ОИИБи тарабынан башкармалыктын начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис орун басарлары, РИИБдин начальниктери жана ОИИБдин кызмат башчылары катышышты.

Кеңешменин максаты коңшулаш эки өлкөнүн коопсуздугун сактоо, кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алууда кызматташтыкты чыңдоо жана кылмыштын бетин ачууда көмөк көрсөтүүнү активдештирүү болду. Кеңешменин башында Асанов Марлис Талас облусунун кылмыштуулук менен күрөшүүдө жалпы көрсөткүчтөрү менен жана чектеш жайгашкан аймактардагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берип өттү.

Андан соң Жамбыл облусунун полиция департаментинин начальниги Баймурзин Арманбек сөз сүйлөп, кызматташа турган бир нече багыттарды белгилеп өттү. Мыйзамсыз миграция, аткезчилик жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, мал уурулук, уурулук, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди аныктоо, дайынсыз жоголгон адамдарды издөө, криминалга байланышкан авто унааларды аныктоо жана саясий окуялардан кийинки уурдалган ок атуучу куралдарды кайтаруу боюнча иш-аракеттер талкууланды. Кеңешмеде чектеш жайгашкан ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш ачууда мүмкүнчүлүктөрү аныкталып, көмөктөшүүнүн жолдору сүйлөшүлдү.

Жолугушуунун соңунда эки тарап тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД