Лейлекте акыркы коңгуроо майрамына карата жыйын болду

Лейлекте акыркы коңгуроо майрамына карата жыйын болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Раззаков шаарындагы #4 гимназия орто мектебинде Лейлек РИИБнин жетекчилигинин демилгеси менен чоң жыйын өткөрүлдү. Жыйынга район аймагындагы мектеп директорлору, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын максаты 9-июнда өткөрүлүп жаткан акыркы коңгуроо майрамы, ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бүтүрүү кечелеринде укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка жол бербөө. Ошондой эле мектеп мугалимдеринин мыйзамсыз акча жыйноо, кафе-ресторандарда иш-чара өткөрүүгө, мектеп окуучулары өз алдынча тоолорго, экскурцияларга чыгууга, кымбат унааларды жалдап алышып кортеж уюштуруп сейилдөөгө тыюу салынганы боюнча жергиликтүү милиция эскертүүлөрдү берди.

Эгерде район аймагында жогоруда тыюу салынган көрүнүштөр болсо, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринде көрсөтүлгөн жазалар ата-энелерге да колдонууларын, ата-энелердин жоопкерчилиги чоң экенин билдиришип, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көзөмөл күчөтүүлөрүн белгиленди.

Лейлек район аймагында жыл башынан бери жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган 4 уурулук, 1 автоуурулук катталып бети ачылган. Ал эми 2факты суицид катталып, 2жаш өспүрүм каза болгон. 1жаш өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД