Баткенде ички аскерлер күнү белгиленди

Баткенде ички аскерлер күнү белгиленди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы маданият үйүндө бүгүн, Кыргыз республикасынын ИИМнин ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн 25-май "Шер" отрядынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу аземге ички аскерлер, Баткен облусундагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана Баткен облусундагы мамлекеттик администрациясынан өкүлдөр келип катышты.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов салтанаттуу аземде сөз сүйлөп, аскер бөлүктүн өздүк курамын кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле бөлүктүн аскердик даярдыгын, жогорку профессионализмин, өз милдеттерин ак ниет аткаруудагы жетишкендиктерин баса белгиледи. Кызматтык ишин аткарууда өзгөчөлөнгөн аскерлер медаль, грамота жана башка баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул майрамга карата күч түзүмдөр ортосундагы достукту бекемдөө жана жаш кызматкерлерди спортко кызыктыруу багытында 23-24-май күндөрү Баткен шаарындагы күч түзүмдөр ортосунда спорттун волейбол жана кичи футбол түрү уюштурулган.

Волейбол оюнуна күч түзүмдөр арасынан 8 команда катышып, I орунга ӨКМ, II орунга АБП, III орунга Баткен ОИИБы ээ болушту. Ал эми кичи футбол боюнча жалпысынан 14 команда ойноп I орунга АБП, II орунга чек ара кызматы, III орунга УКМК, IV орунга Баткен РИИБ ээ болуп, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Мындан сырткары оюнда активдүү катышкан "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу", "Мыкты оюнчу" номинацияларына акчалай сыйлык жана грамоталар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД