21-майда Баткен облусу боюнча 10-11-класстар арасында "Окурман окуучу" аттуу китеп окуу сынагы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Сынак Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы жана Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести боюнча өтүп, ага 249 мектептен 3 миңден ашык окуучу катышты.
Долбоор Кадамжай "Семетей" лицейинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржыланып, жалпы бюджети 850 миң сомду түздү.
Жыйынтыгында Дубайга жолдомону төрт окуучу утуп алды:
- Айнура Жулдиева - Лейлек районунун Достук орто мектеби;
- Жасмина Кумарбек кызы - Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия-жатак мектеби;
- Акмөөр Ибраимова - Кадамжай шаарындагы Б. Айтматов орто мектеби;
- Альбина Ботобаева - Кызыл-Кыя шаарындагы Темир Иметов орто мектеби.